• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ырчыга жардам керек. Донордон тышкары 30 000 $ керек болууда

24 Үчтүн айы 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз эстарада ырчысы Рустам Сагыналиев боордун цирроз оорусуна чалдыгып, чет өлкөдөн операция кылдырууга муктаж. Бул тууралуу бир катар артисттер өздөрүн социалдык баракчасына жазышууда.

Маалым болгондой, ырчынын кесиптештери операцияга керектелүүчү каражатты өнөр адамдарынан жана жалпы элден жардам сурап кайрылышты.

“Урматтуу Эл журт,өнөр адамдары!
Кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Улуттук филармониянын солисти Рустам Сагыналиев боор циррозунун оор түрүнө чалдыкканына байланыштуу Индиядан операция жасатууга аргасыз болуп жатат. Жалпы элден жана сиздерден колдоо күтөбүз.
“Жакшылыкты бөлүшсөн көбөйөт,
Кайгыны бөлүшсөн азаят”

Рустам Сагыналиевдин башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, колдоп берүүңүздөрдү сурайбыз.
Донордон тышкары жалпы керектелүүчү каражат: 30 000 $ болот экен. 9-февраль филармонияда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз, элге да кайрылуу жасалат. Кесиптеш катары сиздер да кайдыгер карабайсыздар деген үмүттөбүз.

МБанк жана ЭЛСОМ: 0554121255
(Чынгыз Мырзаев)”, -деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 11299