• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махмудов Азия чемпионатында финалга чыкты

19 Чын куран 202211:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашты. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты.

Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынайт.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Количество просмотров: 212