Парижде өткөн Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло байге алган Акжол Махмудов 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадада алтын медал алууга аракет кыларын айтты.
Бул тууралуу ал 13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимп оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасында билдирди.
“Эл күткөн алтын медалды ала албай ишеничти актай албай калдык деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатам. Кудай буюрса, кийинки Олимп оюндарында алтын медал тагынганга толук күч-аракетимди жумшайм. 2028-жылы өтөт турган Олимпиадага бүгүндөн баштап даярданам”, — деди ал.