• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Махмудов: Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык

12 Аяк оона 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын уткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңишинен кийин УТРК Спорт телеканалына маек курду.

“Сезимдер эң сонун. Чынын айтсам, Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык. Менин агайларым, ата-энем, жакындарымдын жана кыргыз элинин колдоосу менен жеңишке жетип отурам”, — дейт балбан.

Махмудов бүгүн, 12-сентябрда күрөшө турган Жоламан Шаршенбековдун жеңишине 100 пайыз ишенерин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Количество просмотров: 160