• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат

28 Чын куран 202310:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-май күнү (Эмгек күнү) жана 5нен 9-майга чейин эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

Количество просмотров: 281