• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт жанындагы турак үйдү каптаган

19 Бештин айы 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги К.Акиев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май алмаштыруучу жайдан чыккан өрттүн жалыны жанындагы үйдүн чатырын каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон өрт саат 16:24тө чектөөгө алынгандыгын айтышты. Алоолонгон жалынды толук өчүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Учурда жеринде 5 күжүрмөн эсеп жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Штабы иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 500 чарчы метрди түзөт.

Мындан сырткары, кырсык катталган жерге “Бишкексууканал” ишканасынан бир суу ташуучу унаа, ИИМден эки бригада, Тез жардам кызматы, “Бишкекгаз” кызматынан бир жана РЭТтен бир тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоодон эч ким жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 400