• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Майдан: Ашыкча, кокустан айтылган сөздөргө очойгон акча төлөтүү (түз эфир)

26 Аяк оона 202415:41 Бишкек Govori.TV

17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитетинде Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда карап, колдоого алды.

Анда “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт.

Ал эми жогорудагы мыйзам кабыл алынса адилеттүү иштеп кетеби, адам укуктарынын бузулушуна алып келбейби деген суроолордун айланасында талкуулар жаралды.

Ал эми бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Ашыкча, кокустан айтылган сөздөргө очойгон акча төлөтүү» деген темада болмокчу.

Катышуучулар:

  • Атай Осмонбаев — Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • Нурдин Дүйшөнбеков — «Журналисттер» бейөкмөт уюмунун жетекчиси;
  • Айбек Теңизбаев — саясат талдоочу.
Количество просмотров: 1646