• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы элди бөлөбү? (Түз эфир)

14 Кулжа 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Документ жакынкы аралыкта парламенттин тармактык комитетине киргизилиши мүмкүн. Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган.

Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы элди бөлөбү?» деген теманын айланасында сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Бүбүсара Рыскулова — Сезим кризистик борборунун жетекчиси;
  • Аскар Сыдыков — Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору;
  • Акжолтой Тукунов — жарандык активист;
  • Алмаз Тажыбай — саясат талдоочу.

Количество просмотров: 1228