Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоору 30-январда парламенттин дароо эки комитетинин колдоосуна ээ болду.
Аны дагы төрт комитет карап, жактырса гана палатага чыгарылат.
Документ кабыл алынса, бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот. Бул журналисттердин эркиндигин чектейт деген чочулоолор айтылууда.
«Майдан» дебатында «Чуулгандуу ЖМК мыйзамы кимге керек?» деген теманын алкагында талкуу болмокчу.
Катышуучулар: