• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Чыр бүтө элек. Чек ара маселеси кимдин кызыкчылыгына чечилет? (Түз эфир)

6 Бугу 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек ара талашынын өзөгү катары Ворух анклавынын көйгөйү көтөрүлүүдө.

Быйыл 26-мартта чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ворух” анклавына байланыштуу чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тажик бийлигине эки сунуш берилгенин жарыялаган:

«Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Биринчи сунуш. Бул анклавдын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоого пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз – бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка бердик. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек».

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи «Фейсбук» аркылуу кайрылуусунда Ворухтун анклав экенин четке каккан.

Көп өтпөй тажик президенти Эмомали Рахмон алдын ала шардана кылып, атайын Ворух анклавына иш-сапар менен келип, жергиликтүү актив менен жолуккан учурда «ал жер эч качан алмашылбай турганын» айтканы тууралуу кабарлар чыккан.

28-29-апрель күндөрү эки тарап кагылышып, аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болгон, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн окуя болду.

Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат. Ошондой эле эки өлкө аталган анклавдын чегин “Кожалы- Ворух” жолунун курулгандан кийин тактоону макулдашкан.

«Чыр бүтө элек. Чек ара маселеси кимдин кызыкчылыгына чечилет?» деген темадагы Майдандын катышуучулары:

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова

Юрист Таттыбүбү Эршешбаева

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев

Улукбек Кочкоров Мурдагы Социалдык коргоо министри

Модератор: Кайыргүл Урумканова

Количество просмотров: 1723