Кыргызстанда эт менен картошканын баасы кескин өсүп кетти. 2025-жылдын 5-февралына карата, Ош шаарында картошканын орточо баасы 55 (эң жогорку баа 65) сомго чыкты.
Картошка Кыргызстанда негизги тамак-аш продуктуларынын бири болгондуктан, анын баасынын туруксуздугу элдин күнүмдүк жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Улуттук статистика комитетинин берген расмий маалыматтары боюнча 2018-жылы январь айында картошка 29 сом болсо, 2025-жылы январь айында 45 сомго чейин өскөн. Бирок 2020-жылы 23 сомго түшкөн учур да болгон. Бул өсүш айыл чарба өндүрүшүнө климаттык шарттардын таасир этүүсү, өндүрүш көлөмүнүн өзгөрүшү жана экспорттун көбөйүшүнө байланыштуу болушу ыктымал.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкекте картошканын килограммы 60-65 сомго чейин кымбаттап жатканын билдирди.
Бул тууралуу кеп дебатта болот.
Майдандын катышуучулары: