Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталууда.
21-январда Бишкектеги №72 орто мектептин дааратканасында сабалган 8-класстын окуучусу ооруканада эки жума жатып, каза болгон. Бул окуя боюнча милиция 9-класстын окуучусун «зомбулукка жана опузалап талап кылууга» шек санап кармап, камакка алган.
Мектеп окуучусунун өлүмү менен коштолгон дагы бир жаңжал Кант шаарында катталды. 22-январда 2008-жылы туулган бала катуу сабалып, ооруканада өзүнө келбей көз жумган. Шектүү катары аталган мектептин 10-классынын окуучусу камакка алынган.
Мындан тышкары жыл башталгандан бери эле окуучу балдар катышкан дагы бир нече окуялар катталган.
Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Удаа катталган окуялар: Мектептердеги зордук-зомбулук» деген теманын айланасында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: