• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Кой-Таштагы окуянын оош-кыйышы (Түз эфир)

12 Бештин айы 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

Бугункү, “Кой-Таштагы окуянын оош-кыйышы ” деген темадагы «Майдан» дебаты түз эфирде өз ишин баштады.

Талкуунун катышуучулары: Эксперт Максат Мамытканов жана 7-8 августта жабыр тарткандардын жактоочусу Жаманкул Жунусов.

Бугунку дебатка Кой Таш окуясы комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Жаркынбек Касымбеков жана укук тармагы боюнча эксперт Артур Медетбековдор чакырылган эле. Белгилуу болгондой учурда алар Жогорку Кенеште комиссиянын корутундусун караган жыйында катышып жатышат.

Жогорку Кенеште 7 жана 8-августтагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда. Комиссиянын жетекчиси Тынчтык Шайназаров баяндамасын окуду. Корутундуда Жогорку Кенешке Карамушкина, Мадеминов, Артыков жана башкалардын иш аракеттерине укуктук баа берүүнү, өкмөткө УКМКнын иш аракетине, т. а. Кой Таштагы операцияны талаптагыдай алып барбагандыгы үчүн ишин кароо ж. б. сунуштар айтылды. Учурда корутундугун ишин кароо ЖКда танапистен кийин уланууда.

Количество просмотров: 562