• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Майдан: “Конституция элдикиби же бийликтикиби?” (Түз эфир)

28 Үчтүн айы 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) мыйзам долбоорун үч депутат талкууга койду. Документтин авторлору, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Үмбеталы Кыдыралиев жана Бактыбек Турусбеков.

Коомдук талкууга коюлган документке ылайык, айрым долбоорлорду Жогорку Кеңеш дароо эле үч окууда кабыл алса болот жана ал элдин талкуусуна да чыгарылбайт. 

Юристтер Конституцияда жарандар мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу экени так жазылганын эске салышты.

«Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса ал Баш мыйзамды, демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптерин одоно бузат» деп жазылат кайрылууда.

“Конституция элдикиби же бийликтикиби?” деген темадагы Майдандын катышуучулары менен тааныштырып өтөлү:   

Мамбеткадыров Айдарбек юрист, Конституциялык кеңешменин мүчөсү

Дастан Бекешев Жогорку Кеӊештин депутаты

Исхак Масалиев Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты

Бакытбек уулу Айдин  Юристтер жамаатынын мүчөсү

Количество просмотров: 1130