• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: «Коронавирус күчөп жатса, эл камырабайт, саясат кычайт»

24 Кулжа 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү «Майдан» саясий дебаттарында «Коронавирус күчөп жатса, эл камырабайт, саясат кычайт» деген теманын тегерегинде талкуу болмокчу.

Дебаттын катышуучулары:

  • Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов;
  • Мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова;
  • Эксперт Эркин Чечейбаев;
  • Дарыгер Эрмек Исмаилов.

Ушул күндөрү Кыргызстанда күн сайын 700-900 киши коронавирус жугузуп алганы расмий аныкталып жатат. Ооруканаларда 2 миңден ашык киши оору менен алышууда. Алардын 100дөн ашыгынын абалы өтө оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 120 миңге жакындады. 106 миңден ашыгы сакайды. Вирустун курмандыктары 2 миң кишиге чамалады.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V» вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасын күтүп жатат.

Количество просмотров: 1290