17-ноябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун жактырып, тарыхый чечим кабыл алды.
Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча макулдашуу долбоору — үч окууда тең «макул» — 64, «каршы» —19;
Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу долбоор — биринчи окууда «макул» — 64, «каршы» — 19, экинчи окууда «макул» — 62, «каршы» — 21, үчүнчү окууда «макул» — 64, каршы — 19.
Ошентип кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоору парламент тарабынан ратификацияланды. Келишим президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
«Кыргыз-өзбек чек ара маселесине парламент чекит койду» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:
Тилек Токтогазиев- мурдагы айыл чарба министри;
Алмаз Тажыбай-саясат талдоочу;
Тимур Саралаев-саясат талдоочу;
Илич Кулназаров медиа эксперт.