• Шаршемби 26 Кулжа 2024
  • Среда 26 Июнь 2024

Майдан: Кыргызстанда уран казганга уруксат берилеби? (Түз эфир)

12 Кулжа 2024 16:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразычылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада аталган компаниянын лицензиясы токтотулган.

«Кыргызстанда уран казганга уруксат берилеби?»деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Дүйшөн Камчыбеков — Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы;

Өмүрбек Касымбеков — Техникалык университет алдындагы «Конас» илимий борборунун жетектөөчү адиси;

Калия Молдогазиева — Эколог;

Алмаз Тажыбай — Саясат талдоочу.

Количество просмотров: 1807