• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Майдан: Жаңы чектөө. Интернетте жана ЖМКдагы жалаа үчүн очойгон айып (Түз эфир)

15 Бугу 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштоодо. Министрлик бул тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилгечи Укук бузуулар кодексин маалымат каражаттарында жана интернетте жарандарга жалаа жаап, мазактоо үчүн жоопкерчилик караган беренелер менен толуктоону сунуштап жатат. Укук бузуулар жөнүндө кодекске кандай төмөнкүдөй кошумча беренелер кирет? Демилгечи тарап мыйзамдын максаты жана милдети жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу болорун билдирүүдө.

«Интернетте жана ЖМКдагы жалаа үчүн очойгон айып. Жаңы чектөө» деген темадагы дебаттын катышуучулары:

Төлөкан Исмаилова Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун директору;

Нурбек Сыдыков — Медиа Полиси Институтунун юристи;

Урмат Аралбаев — Акыйкатчы институтунун Укуктук камсыздоо, жыйынтыктап талдоо, пландаштыруу жана көзөмөлдө башкармалыгынын башчысы;

Зарина Калмуратова — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясат башкармалыгынын башкы адиси.

Количество просмотров: 1203