• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Майдан: Мадумаровду мандатынан ажыраткан парламенттин келечеги кандай болот? (Түз эфир)

22 Кулжа 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо. Комиссия бүгүн, 22-июнда өзүнүн корутундусун чыгарып, ЖКнын кароосуна алып чыгат.

Ал эми бүгүн «Майдан» дебаттарында

«Майдандын» катышуучулары:

  • Табылды Акеров — саясат талдоочу;
  • Таттыбүбү Эргешбаева — юрист;
  • Айбек Теңизбаев — саясат талдоочу.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага «чыккынчылык» боюнча айып тагылганын «Азаттыкка» өзү билдирген.

Количество просмотров: 4469