Эски курамы кайрадан жаңыланган кыргыз Өкмөтү туурасында коомчулукта талкуу кызуу жүрүүдө. Эске салсак, бир ай мурун эле, Өкмөт башчынын отчетун Жогорку Кеңеш канааттандыраарлык деп тапкан эле, эми минтип Кыргыз Республикасынын Премьер министри Мухамбеткалый Абылгазиев ордун биринчи-вице-премьер министр Кубатбек Бороновго өткөрүп берип эс алууга кетти.
«Майдан» саясый дебатында Өкмөттүн кечээкиси бүгүнкүсү жана эртеңкиси туурасында сөз болмокчу.
Дебаттын катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Ыргал Кадыралиева, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.