Бүгүнкү, «Майдан» дебатында «Ооганстандагы акыркы кырдаал Кыргызстанга коркунуч туудурабы?» деген теманын алкагында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары:
«Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Ал эми кыргыз бийлиги Ооганстандагы чукул өзгөргөн кырдаалга кылдат жана астейдил көз салып жатканын маалымдады. Өлкө башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Садыр Жапаров ал жактагы кырдаалды байкап турганы айтылат.
Ал арада Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.