11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт эки бейтаптын өмүрүн алды. Өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар 260 адамды эвакуациялашты.
Эске сала кетсек, өрт тууралуу маалымат саат 21.00дөр чамасында түшкөн. Окуя болгон жерде алты өрт өчүрүү бригадасы иштеген. Өрт саат 23.15те толугу менен өчүрүлгөн.
Жүрөк хирургиясы институтунда өрттөн 1 жаш 7 айлык бөбөк менен 16 жаштагы өспүрүм көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген.
Кырсык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” деген 257-беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Майдандын катышуучулары: Байдавлетов Каарманбек Саламаттыкты сактоо министринин орун басары; Асанов Алмаз, ӨКМнин Жарандык Коргоо башкы башкармалыгынын башчысы, Алыбаев Алибек, ӨКМне караштуу өрттү көзөмөлдөө кызматынын башчысы.