23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.
Темиров 23-ноябрдын кечинде «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон.
27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.
Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.
«Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышы мыйзамдуубу?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: