• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майк Тайсон менен Рой Джонстун беттешинин күнү белгиленди

24 Теке 202015:14 Бишкек Govori.TV

Майк Тайсон менен Рой Джонстун беттеши 2020-жылдын 12-сентябрына белгиленди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, беттеш Американын Калифорния штатында өтөт.

Эске сала кетсек, Майк Тайсон 2005-жылдан бери ринг аянчасына чыга элек. Ал өзүнүн карьерасы боюнча 58 жолу рингге чыгып, 50 жолу утушка ээ болгон. 2020-жылдын аягында ал рингге кайтарын билдирген.

Ал эми Рой Джонс өзүнүн карьерасын 2018-жылы токтоткон. Анын эсебинде 66 утуш бар.

Количество просмотров: 414