• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Майлуу-Суу шаарында турак үйдөн өрт чыкты

28 Бештин айы 20219:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдына ала маалымат боюнча, Майлуу-Суу шаарынын Загородная көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 03:07 түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:09да Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБнүн 1- бөлүм талытылган.

Өрт болгон аймакта кырдаал курч болгондугуна байланыштуу саат 03:46да кошумча №83 ӨККБнүн 2- бөлүмү тартылып учурда өчүрүү иштери уланууда.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.

Количество просмотров: 122