• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Маймыл чечек оорусу: Министрлик алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын кабарлады

19 Баш оона 202417:47 Бишкек Govori.TV

Маймыл чечек оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Министрлик бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусунун катталбагындыгын жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал стабилдүү экенин маалымдайт.

Эске салсак, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады.

Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.

Количество просмотров: 95