• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин 40% иштен алынды…

15 Бештин айы 2021 14:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кырк пайызы жумуштан бошотулду жана аларга төмөнкү деңгээлдеги медициналык мекемелерден жумуш сунушталды.

Министрлик кызматкерлер бул тууралуу 14-декабрда кабардар болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, иштен алынган кызматкерлер өз ишинде натыйжалуу жыйынтык көрсөтө алышкан эмес. Жолугушуу учурунда Өзбекстанда медициналык кызмат көрсөтүү тиешелүү деңгээлде эмес экени айтылган.

Маселен, быйылкы жылдын 11 айында Саламаттык сактоо министрлигине мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12 миңге көбүрөөк арыз түшүп, даттануулардын жалпы саны 57,6 миңди түзгөн. Алардын көбү сапатсыз медициналык жардамга арызданышкан.

Жолугушууда медициналык кызмат көрсөтүүнүн начардыгынан жүрөк-кан тамыр оорулары акыркы беш жылда 20%, кант диабети, көз,бөйрөк оорулары 10% көйбөйгөнү белгиленген.

Количество просмотров: 106