• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Маймыл чечектин мутантталган жаңы түрү тездик менен жайылууда

15 Баш оона 202423:01 Бишкек Govori.TV

Кечээ жакында эле Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору маймыл чечек деп аталган mpox оорусунун чыгышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын жазганбыз.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да бул эпидемияны токтотуу, алдын алуунун жолун издеп жатышат.

«Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар комитети мага бул болуп жаткан эл аралык деңгээлдеги ден-соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаал экенин айтты. Мен бул сунушту кабыл алдым», — деди дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс.  

Анын айтымында, 2023-жылы маймыл чечегине чалдыккандардын саны бир топ көбөйүп, быйыл былтыркы көрсөткүчтөн ашып кеткен. Тагыраагы, 14 миңден ашуун учур катталып, анын 524ү өлүмгө алып келген.

«Конгонун чыгышында маймыл чечектин мутантталган жаңы түрү тездик менен жайылышы, анын коңшу өлкөлөрдөн табылышы жана Африкада жана континенттин чегинен тышкаркы өлкөлөрдө жайылуу мүмкүндүгү тынчсызданууну жаратууда. Африканын башка бөлүктөрүндө чечектин башка түрлөрүнүн чыгышына байланыштуу адам өмүрүн сактап калуу үчүн олуттуу чаралар керек экени айкын», — деп баса белгиледи ДСУнун башчысы.

Маймыл чечеги – адамдар арасында жугуучу сейрек кездешүүчү вирустук инфекция. Анын белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Количество просмотров: 1100