• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майрам күндөрү кайгуулчулар тарабынан 144 мас айдоочу аныкталды

11 Бугу 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте май майрамдары күндөрү 7 миң 631 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Анын ичинде:

  • мас абалында автоунаа башкаруу — 144;
  • айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкаруу — 87;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 24 ;
  • коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу — 1653 ;
  • автоээнбаштык — 4;
  • “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар автоунаалар — 238;
  • башка жол эрежелерин бузуулар — 5481. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 715 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Количество просмотров: 42