Бишкек ШИИБ ыкчам кызматкерлери тарабынан адамдын өлүмүнө алып келген ден-соолукка оор залал келтирген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-март күнү Бишкек ШИИББнын «102» кызматына 4-шаардык клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 1988-жылы туулган Д.М.аттуу жаран келип түшкөн. Омурткасы сынып кеткенине байланыштуу ал каза болуп калган.
Чакыруу болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын тергөө-ыкчам тобу дароо барып, каза болгон адам ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана завод кыштактарынын кесилишиндеги аккан суу каналынан майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү ) боюнча кылмыш иши козголгон.