Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Темиров Live телеканалынын журналисттеринин Акылбек Жапаров жакында эле Токиого жеке учак менен учуп кеткени жана бул 18 саатка созулган рейс 10 миллион сомду түзгөн деген жаңы иликтөөсүнө жооп кайтарды.
Байсалов журналисттерди “макоолор” деп атап, алар жок жерден чатак издеп жатышканын билдирди.