• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Максүтов: ЖМК менен жарандык коомду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр берилип жатат

6 Теке 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр берилип жатканын баса белгилеп кетүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.

«Сөз эркиндиги коомдун өнүгүшүнү ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Дүйнөдө маалыматтык чабуулдардын актуалдашуусуна байланыштуу фейктер жана бурмаланган маалыматтар тилекке каршы Кыргызстандын ошондой эле Борбор Азия регионунун улуттук, маалыматтык коопсуздугуна жана социалдык туруктуулугуна коркунуч келтирүүдө. Биз мамлекеттерибизде туруктуулукту, тынчтыкты сактоо максатында анык эмес же жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга күчүбүздү биргелешип топтошубуз керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө коомдо социалдык тармактарын мааниси күндөн күнгө жогорулап жатат. Жарыяланган маалыматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, көз карандысыздыкты демократиянын негизги элементи болуп саналат»,-дейт министр.

Деген менен Кыргызстан бир жыл ичинде сөз эркиндигинин рейтингинде 72-орундан 122-орунга түштү. Бул рейтингди «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму 3-май — Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялаган.

Уюм акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарууга аракет кылып жатышканын белгилеген.

Белгилей кетсек, Бишкекте 6-июлда ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча 24-борборазиялык конференциясы өтүп жатат. Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалы, журналисттердин коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр талкууланууда.

Количество просмотров: 103