• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Максат айылынын тургуну: Жолдошум Орусияда, мен 4 балам менен көчөөдө калдым

10 Бугу 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

Сейитмуратова Канайым учурда мекепке гуманитардык жардам алуу учүн мектепке келген. 4 баласын жалгыз карап жаткан бул айымдын жолдошу орусияда иштейт. Куралдуу кагылыш башталды дегенде балдарын ээрчитип үй-жайын таштап качып жөнөгөн.
Үйү толук өрттөлүп көчөдө балдары менен калып калаары үч уктаса түшүнө кирбеген Канайымда азыр да коркуу сезими бар.
Ал жашаган Максат айылында ондогон жарандар турак-жайсыз калышкан. А түгүл балдар окуган мектеп, бала бакча да жараксыз абалга келген. Анын ичинде курулганына аз гана убакыт болгон мектеп жараксыз абалга келген.
30-апрелде тажик тарап куралдуу кол салуу менен Максат айылына басып кирип, бир канча үйдү тоноп, андан кийин гана өрт коюшкан. Айрым үйлөр чала күйүк калып кетсе, айрымдары толугу менен өрттөлгөн. Жыйынтыгында Максат айылында 83 үй өрткө чалдыккан.
Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча үйлөргө кошулуп 12 унаа да күйгөн. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айтымында, айрымдарынын унаалары уурдалса, айрымдарынын короодогу малы уурдалган.

Количество просмотров: 192