Учурда социалдык тармактарда Кыргызстандан качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке келгени тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Ал эми УКМК Максим Бакиевдин Бишкекке келгендиги аны атайы кызматтын өкүлдөрү коштоп жүргөнү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
УКМК белгилегендей, Максим Бакиев Кыргызстанда соттолгон. Эгерде Максим Бакиев чындап эле Бишкекке келгенде, ал дароо кармалмак.
Эске салсак, Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.