• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Журналисттик иликтөө: Бийлик алмашкан сайын колдон-колго өткөн “Аврора Плюс”

1 Бештин айы 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

2010-жылы болгон революциядан кийин судьялар Максим Бакиевдин Ысык-Көлдөгү мүлкүн менчикке мыйзамсыз чыгарып берип акысына коттедж, батир жана акчалай сыйлык алышкан. Судьялар гана эмес, бир нече чиновниктер дагы коттедждерге ээ болушкан. Бийлик алмашкан сайын колдон-колго өтүп келаткан “Аврора Плюстагы” күмөндүү жагдайларды айтып беребиз.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Алды менен биздин редакция Булан-Сөгөттү айылына барып, жергиликтүү тургундардардан сурамжылоо жүргүздү. Алар VIP — шаарча аталган «Аврора Плюста» чоңдордун коттеждери бар экенин жашырышкан жок.

Бүгүнкү күндө «Аврора Плюс» шаарчасы кадимкидей эле иштеп жатат. Жайкысын элдин аягы суюлбайт. Ушул коттедждерге ким ээлик кылат, ким, кандай пайдасын көрүп жатат? ирети менен болсун…

“АВРОРА ПЛЮСТАГЫ”  КОТТЕДЖДЕРДИН ЧЫРЫ

«Аврора Плюс» пансионатынын иши 2010-жылдарга барып такалат.  Коттедждерди келишим боюнча «Ала-Арча ПМК» курган“Аврора Плюстун” жери Максим Бакиевдин жакын адамы болгон Руслан Валиев тарабынан 2007-жылы алынган. Валиев жетекчи болгон «Инвест Трест» VIP-шаарча курууну көздөп «Ала-Арча ПМК» менен келишим түзөт. Натыйжада аткаруучу компаниянын акысын бере албай калган. «Инвест-Трест» мүлк менен карызын төлөп берген. «Инвест Трест» “Аврора Плюстагы” ээлик кылган 12 коттеджди «КыргызКредитБанкка» алынган 1,5 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя үчүн күрөө катары калтырган. Кредит 18% чен менен 1 жылдык мөөнөткө 2009-жылы берилген. Ширшов менен 2016-жылдан бери чогуу иштешкен, алардын иштерин жакындан билген Елена Дзимидович буларга токтолду. 

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН МҮЧӨЛӨРҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин Ысык — Көлдөгү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан коттедждер Убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен мамлекетке өтөт. Бирок, Убактылуу Өкмөт кеткенден кийин Бакиевге таандык мүлк, анын ичинде «Аврора Плюс» эс алуу жайын, андагы батирлердин, коттедждердин таланып-тонолуп кеткенинде Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бар экени айтылган. Кимдер экени так белгиленген эмес. Кеп кимдер тууралуу болуп жатышы мүмкүн? Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана мурунку башкы прокурор, учурда камакта жаткан Азимбек Бекназаров «Аврора» эс алуу жайы боюнча суроолорубузга кат түрүндө жооп берди.

«Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсүнүн күнөөсү жок деп ойлойм.  Күнөөлүүлөр азыркы бийликте жүрүшөт. Депутат болуп отурушат. Өздөрүн-өздөрү айтат беле? Мисалы, Ширшовду ошол иш боюнча камакка алышты. Бирок бир күн түрмөдө отурбай чыгып кетпедиби. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бар дегени коомчулуктун көңүлүн буруп, алаксытуу эле. Улутташтырылган объектилердин тагдыры 2012-2014-жылы 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан А. Жапаров төрагалык кылган комитет тарабынан колу-саны кылып бөлүнгөн. «Ата Журт», «Ар Намыс» «Ата Мекен», СДПК жана «Республика» партиялары чечкен. Бөлүп алышкан десе да болот. Кимисине кайсы объектилер тийгенин, канча акчага сатылаганын убагында прессаларга чыккан. Жогорку Кеңештин комитети, фракциялар минтип бөлгөнгө, баалаганга укугу жок болчу деп сындап чыккам»,-деди ал.

Биз чыгарган справкаларда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын апасынын наамына жазылган коттедж бар болуп чыкты. “Кадастр” мекемесинен чыгарылган справкада көрүнүп тургандай, 2-03-07-1003-0199 номери менен катталган коттедж Даниярова Саликага таандык болгон. Ал 2011-жылдын 4-ноябрында чыккан соттун чечиминин негизинде өткөнү гана белгилүү. Бул мүлктү апасы убагында кандай жол менен алганын билүү үчүн Отунбаевага кат жолдоп жооп ала алган жокпуз.

СУДЬЯЛАРДЫН МИССИЯСЫ

2022-жылы УКМК сотторго карата кылмыш иш козгоду. Алар мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттик менчиктен чыгаруу боюнча айыпталып жатышат. 

2010-жылы май айында “Аврора” пансионатындагы жалпы саны 97 — коттедж жана батирлер, 10 гектар жер улутташтырылган. Иш жүзүндө 13 батир гана мамлекеттин менчигине өтүп, калганы коррупциялык схемалары аркылуу жеке колго өтүп кеткени кабарланды. Атайын кызмат тараткан маалыматтагы инициалдар Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы орун басары Эрмек Садыков, Жогорку Соттун мурдагы судьялары Камиль Осмоналиев, Нурсейит Арапбаев жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрайымы Калыйса Качкыналиевага дал келет.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда аты аталган судьялардын ичинен Осмоналиев, Арапбаев, Садыковдор 2011-жылдары «Аврора Плюстун» ишин караган. Чү дегенде эле Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин «Аврора Плюстун» аймагында мүлкү бар экендиги белгилүү болду. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, УКМК 2020-жылдын 15-декабрында мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Осмоналиевди кармап, анын мүлктөрүнүн сүрөтүн ачык жарыялаган. Анда бул имаратка көзүбүз түштү. Бул «Аврора Плюстагы» таунхаустардын бири.

Демек, Осмоналиевдин батири 18 таунхаустун биринде бар. «Кадастр» мекемесине кат жиберип, кыймылсыз мүлктөргө тиешелүү идентификациялык коддор өз алдынча батирлерге бөлүнүп кеткенин билдик.

Дагы бир жагдай, үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда президенттин иш башкармалыгына өткөн батир Коноева Гузяль Кубановнага таандык болгон. Интернетте бул адам тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Бирок буга чейин Temirov Live каналынын журналисттери Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевдин мүлкү тууралуу чакан иликтөөсүн жарыялаган. Орто-Сай айылына жакын жайгашкан, «Сары-Өзөн» вип-шаарчасынан орун алган үй Осмоналиева Алтын Кубановна аттуу жарандын наамына катталганын таап чыгышкан. Анда Гузяль менен Алтындын отчествосу окшош, экөө бир тууган болушу мүмкүн.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрайымы Калыйса Качкыналиеванын баласына  жазылган мүлкү “Аврора плюс” шаарчасында бар болуп чыкты. Тагыраагы, 2-03-07-1003-0216 номурдагы мүлк Абытанов Канат Шахтербековичке катталган. Мүлк 2013-жылы алынган. 10 жылдан кийин 2023- жылдын 3-мартында Мүлк фондуна өткөрүлгөн.

Судьялар кеңешинин маалыматына таянсак, бул иште аты аталган судьялардын ичинен Камиль Осмоналиев менен Калыйса Качкыналиеваны жоопко тартууга уруксат берген. Калган соттордун иши боюнча Судьялар кеңеши толук маалымат берген жок. Ал эми Качкыналиеванын өзүнө байланышканбызда “эч нерсе айта албайм” деген гана жооп менен чектелди.

“Аврора” пансионатындагы ондогон кымбат батирлердин мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүдө мамлекетке 500 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Биз бүгүнкү күндө коттедждердин баасы канча турарына сарэсеп салып көрсөк:

1 коттедждин баасы орточо эсеп менен 300 миң доллар турат.  Жалпы 27 коттеджин баасы  8 миллион 100 миң долларды түзөт.

Ал эми 1  батирдин баасы 100 миң доллар деп бааланса,  “Аврора Плюстун” аймагында 56 батирдин жалпы баасы 56 миң доллар чыгып жатат.

1 коттедж 300 миң доллар

27 коттедждин баасы 8 миллион 100 миң доллар

1 батир 100 миң доллар

56 батирдин баасы 5 миллон 600 миң доллар

VIP КОТТЕДЖДЕРГЕ ДАГЫ КИМ ЭЭЛИК КЫЛГАН?

Чынында эле ал жактагы коттеждер кимдерге таандык экенине кызыгып көрдүк. Анда 100гө жакын мүлктүн справкасын тарыхы менен чыгардык. Кызыктын баары бул жакта болуп чыкты…

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинен чыгарган справкаларда Рустам Чикеев, Азат Чикеев деген фамиляларды кездештирүүгө болот. Рустам Чикеев Конституциялык соттун Аппаратынын мурдагы жетекчиси. Азат Чикеев анын тууганы. Чикеевдин аялы Жамиля Чикеева Свердлов райондук сотунун судьясы. Анын атасы Жакупов Марсбек Жакишевич — убагында Бишкек шаардык сотунун төрагасы болгон.

Кыргызсандын президентинин администрациясынын экс-жетекчиси, киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулованын наамына жазылган мүлк болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Умбеталы Кыдыралиевдин бир тууганы Марат Кыдыралиев коттеджге ээлик кылган. 

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаковдун мүлкү болгон.

Экс – депутат Джураев Мурат Каттабековичке дагы таандык мүлк болгонун көрүүгө болот.

ЧИКУНАЕВ КИМ?

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттик менчиктен чыгаруу боюнча “Ала-Арча ПМК” ишканасынын мурдагы директору Вадим Чикунаев кармалып, сот өкүмү 2023- жылдын 14-июнунда чыкты. Биз Чикунаевге кененирээк токтололу…

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ала-Арча ПМК” ишканасынын мурдагы директору Вадим Чикунаевге карата 14-июнда өкүм чыгарды. Чикунаев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен камалган жок. Чикунаевге жана анын жакындарына катталган мүлктөр мамлекетке чегерилди.  «Аврора” эс алуу жайы боюнча кылмыш ишинде Вадим Чикунаев гана жалгыз соттолду. Чикунаев коюлган айыптар менен макул эместигин айтып жатат.

«2010-жылдан кийин биздин компанияга Ысык-Көл прокуратурасы, Чүй облустук прокуратурасы, Башкы прокуратура тарабынан Бакиевдин үй -булөсүнө кандайдыр бир тиешеси барбы? деген негизде текшерүү жүргүзүлгөн. Андай нерсе аныкталган эмес»,-деди Чикунаев.

«Лилиана» деген компания бир нече коттеджге ээлик кылат. “Лилиананын” жетекчиси Рэнат Шайгарданов. Ал Чикунаевдин бир тууганынын күйөөсү. Шайгарданов менен Чикунаевди мындан сырткары “Баумаркат” компаниясы байланыштырып турат. Коттедж, батирлер “Ала-Арча ПМКсынан” Голд-Коуст, «Лилиана», «Лейквью» компанияларына өтүп кеткен. Муну менен эмнени айткыбыз келип жатат. Чикунаев мүлктөрдү колдон-колго өткөрүп жиберген. Тактап айтканда, өзүнүн жакын адамдарына.

Бул жерде кайра эле Бакиевдердин кулагы көрүнүп жатат. «Аврора плюс» эс алуу жайын бүгүнкү күнгө чейин Максим Бакиевдин жакын адамы делген Руслан Валиев жетектеп келген. ОсОО. kg сайтында Валиев бир нече пансионаттын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Алар: пансионат «Витязь», “Аврора Плюс” жана ОсОО «Инвест-Трест» компаниясы. 

БИЙЛИКТИН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Бакиевдерге таандык колдон колго өткөн “Аврора Плюстагы” коттедж, батирлердин аягы кумга сиңип кеттиби же азыркы бийлик эмне үчүн толук маалымат бербей жатат?

 “Авроранын” кымбат баалуу 56 батир, 27 коттежинин жеке колго берилишиндеги дагы бир уюштуруучу катары “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун ысымы аталган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда Кыргызстандан чыгып кеткен. 2022-жылдын 10-майында кармалган Ширшов ошол эле күнү үй камагына чыгарылган. Ар кандай чуулуу иштерде төбөсү көрүнгөн Ширшовдун алеки заматта бошотулганы коомчулукта талкууга жем таштаган. Бирок бул боюнча өлкө башчынын мындай дегени бар:

Деген менен Ширшовдун иши эмне болгону азырынча белгисиз. Бирок анын Кыргызстанга ээн-эркин кирип жүргөнү парламентте да айтылды.

““Мегакомду” дал ошол Максим Бакиевдин адамдары Ширшов кадимкидей башкарып жатат, анын жетекчиси Ширшовдун колунда иштеген. Чек ара кызматынан маалымат алдым, Алексей Ширшов кенен-кесир Кыргызстанга кирип жатат… Ригага, Стамбул, Москва, Казакстанга ээн-эркин барып келүүдө”,-деген Акаев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго справкада көрүнүп тургандай болгону 4 мүлк өткөн. Бул иш боюнча аларда толук маалымат жокко эсе.

«Сиздер айтып жаткан котедждер боюнча тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат тергөө органдары тараптан алар бизге толук өтө элек. 2022-жылы ошолордун ичинен 2 котедж өткөн, 2023-жылы 1 котедж өттү, калгандары боюнча органдар жооп бербесе бизге азырынча өтө элек мамлекетке укугу каттала элек»,-деп билдирди Мамлекеттик мүлк башкаруу агенттигинин мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башчысы Замир Бугубаев.

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 26-августунда “Кабар” агенттигине маек берип, биз иликтеген “Аврора Плюс” пансионаты боюнча жаңы жагдайларды айтты.

“Аврора Плюстагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөзүп алдык. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коеюн үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды”,-деген ал.

Ошентип, “Аврора Плюстагы” коттеджердин ишинин аягы президентин иш башкармалыгына келип такалды. Документ жүзүндө президентин иш башкармалыгынын карамагына 2 гана мүлк өткөнү справкаларда жазылып турат. 

КОТТЕДЖДЕР КАМАКТА

Бүгүнкү күндө “Аврора Плюстагы” мүлктөрдүн дээрлик көбү камакта. Бирок алардын ээлери эмнегедир бул боюнча нааразы болуп ооз ачпай келет. Мүлктөрдү мамлекеттин ээлигинен мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында канча адамга айып коюлуп, канчасы кармалган? Тергөө иштери кайсы стадияда? Тергөөнүн жүрүшүндө кайсы судьянын «Аврора Плюс» пансионатынын аймагында коттеджи бар экени аныкталды? деген суроолордун алкагында Башкы прокуратурага суроо талап жолдодук. Иш толугу менен УКМКга өткөн деген жооп менен чектелди.

Ал эми УКМКга үстүбуздөгү жылдын 4- жана 26-апрелинде маалымат алуу үчүн атайы кат жөнөттүк. Ушул эле маалымат талап кылуу өтүнүчүн жеке дагы байланышып, кайталап кайра жибердик. Жооп ала алган жокпуз. Азыр канча кишиге өкүм чыгып, тергөө кандай жүрүп жатканы жөнүндө суроолор жоопсуз калды. УКМК козгогон кылмыш иши да кумга сиңип кеткендей…

Ар келген бийлик «Аврора Плюсту» мамлекеттин карамагына алдык деп жатат. Бул жолу кандай болот? деген суроо бүйүр кызытпай койбойт. Буга чейин улутташтырылган мүлктөрдүн тагдыры кандай чечилгени жалпыга айтпасак дагы маалым. Мамлекет “улутташтырды” деген мүлктөр көп өтпөй сатыкка чыгып же жеке колдорго өтүп кетет. “Аврора Плюстун” айланасында болуп жаткан азыркы окуялар улутташтыруунун атын жамынып, адалдаштыруу процесси жүрүп жаткан жокпу? Улутташтыруунун убайын бул жолу кимдер көрөт? 

Количество просмотров: 3812