• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакиевдер Кыргызстанга алынып келинеби? Жапаровдун жообу…

11 Жалган куран 202510:54 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык армактарда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке келгени тууралуу кабарлан айтылып аны УКМК четке каккан.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта «Кабар» агенттигине кыскача маек берип, жогоруда айтылып жаткан маалыматтар боюнча комментарий берген.

«Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон.

Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы. Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет бучкагын укса керек. Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек. Кана эле Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиардаган акчаларды бюджетке кайтарат элек», — деген президент.

Эске салсак, Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.

Количество просмотров: 210