Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутовду тааныштырды.
Эдил Байсалов өз сөзүндө жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, заманбап тенденцияларды эске алуу менен ыкчам иштөө маанилүү экенин белгиледи.
Эске салсак, Алтынбек Максутов президенттин жарлыгы менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.