Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов «Кабар» маалымат агенттигине Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтына Россиялык артисттердин келип ырдашы боюнча комментарий берди.
«Россиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, «Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек? Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым: «Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле? Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коелу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет», — деген ал.
Буга чейин, 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган «Ала-Тоо» аянтындагы салтанатка россиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID келип катыша турганы кабарланган. Бул жаңылык коомчулукта чоң талкуу жаратып, бир катар сын пикирлер менен коштолду. Айрымдар чакырылган ырчыларга берилүүчү гонорарды башка нерсеге жумшалса жакшы болмок деген пикирлерин билдиришкен.
Талкууларга президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жооп берип, Эгемендүүлүк майрамына карата чакырылган чет өлкөлүк ырчыларга мамлекет тарабынан акча берилбей турганын жазган.