• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган жаран кармалды

25 Тогуздун айы 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулукка шектүү катары Токмок шаарынын 1983-жылы туулган Г.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом чогултуп беришкен.

Количество просмотров: 8815