• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Мал уурдоого шектүү жаран кармалды

19 Бугу 202313:43 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Сууда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, милицияга 78 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 5-апрелде жайытта жүргөн 1 баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт боюнча материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 43 даштагы Д.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 132