Аксы районунунда мал уурулук менен алектенген эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда Аксы РИИБне жети жаран арыз менен кайрылгын. Арыз ээси жалпы 10 баш малы белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдалып кеткендигин айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш ишине шектүүлөр Аксы районунун тургундары 1984-жылы туулган С.Ж. жана 1994-жылы туулган А.уулу К. экендиги аныкталып, алар 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил автоунаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке алып барып сатышкандыгы аныкталып, жасаган иштерин толугу менен мойнуна алышкан.
Кошумчалангандай, шектүүлөр Токтогул районунан кармалган. 14-ноябрь күнү Аксы райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.