«Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө 24 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-10-апрелде чейин Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында «Мал ууру» аталыштагы комплекстүү ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Аталган иш-чара мал уурулук фактылары боюнча жарандардын жамааттык кайрылууларынан Ош облусунун аймагында жайгашкан мал базарларды тактоо боюнча ыкчам-издөө топтору мал базарлардын жанында уурдалган малды сатуу каналдарына бөгөт коюу максатында, мал базарлардын ишинин жүрүшүндө көчмө посттор уюштурулуп, мыйзамсыз мал союлган жерлерди аныктоо боюнча топтор иш жүргүздү.
«Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Учкун айылына, Ноокат айылына караштуу Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан ири мал базарларда жана Барын, Өзгөн районунун Красный-Маяк айылындагы мал союучу жайларда, эт азыктарын сатуучу жайларда, ошондой эле башка уурдалган мал сатылуучу жайларда Ош облусунун аймагындагы мал уурулук фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Уурдалган малды сатуу мүмкүн болгон 80 жер, анын ичинде 10 мал базары, 10 мал союучу жай, эт азыктарын сатуучу 60 эт сатуучу жай, ошондой эле малдын терилерин сатып алуу жана кайра иштетүүчү жайлар тешерилип, мал уурулук менен алектенген 15 жаран аныкталган, анын ичинен: 5 жаран мурда мал уурдаганы үчүн соттолгон»,-деп айтылат маалыматта.