Кыргызстанда мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ветеринардык кызматы мал жандыктарды экспорттоого уруксат берүүнү токтотту.
Айыл чарба министрлигинин «Айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» №04-13/4 буйругунун негизинде 31-январдан тартып Ветеринардык кызмат тарабынан мал жандыктарды үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинен ири мүйүздүү малдарды, майда мүйүздүү малдарды жана жылкыларды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон.
2025-жылдын 31-январына чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктаганга жана ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулуп, уруксат берүү процесси жандангандыгы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.