• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан 26 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду

2 Тогуздун айы 202416:54 Бишкек Govori.TV


Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын 9 айында канча сүт азыктары сыртка экспорттолгонун жана сырттан канча сүт азыгы киргенин билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, сүт азыктарын экспорттоо 26 миң 101,5 тоннаны түздү. Анын ичинен: сыр – 1018,8 тонна, шоро – 119,5 тонна, курут – 3,3 тонна, май – 1796,9 тонна, балмуздак – 4448 тонна, каймак – 660 тонна, кургак сүт – 7634 тонна.

Ошондой эле сүт азыктарынын импорту 13274,4 тоннаны түздү. Анын ичинен сыр – 1160,6 тонна, май – 275,9 тонна, йогурт – 670,8 тонна, балмуздак – 1933,7 тонна, каймак – 184,2 тонна, кургак сүт – 534,5 тонна, коюлтулган сүт – 196,4 тонна, быштак – 6 тонна.

Количество просмотров: 118