• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Малиев «Кумтөрдөгү» көйгөйгө Акаевди күнөөлөдү

21 Бугу 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда «Кумтөр» кениндеги алтынды иликтөө боюнча 1993-жылы түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү Шергазы Мамбетов, Рамазан Дырылдаев , Кубанычбек Идинов, Арсланбек Малиевдер маалымат жыйын өткөрдү.

Аталган комиссиянын ошол кездеги төрагасы Шергазы Мамбетов кезинде комиссиянын ишине тоскоолдуктар болгонун айтты.

«1993-жылы алгачкы жолу «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн атайы комиссия түзүлгөн. Анын курамына Легендарлуу парламенттин депутаттары кирген. Алтынды иликтеген комиссия 9 ай иштеп, кендеги кемчиликтерди иликтеп чыккан. Ошондо аталган депутаттар «Кумтөргө» байланыштуу биринчилерден болуп, ошол кездеги президент Аскар Акаевге сын айтышкан. Көп өтпөй мына ошол комиссия парламенттин отурумунда алтын боюнча маалымат берген. Талкуунун натыйжасында Турсунбек Чынгышев баштаган ошол кездеги өкмөт кызматтан кетирилген. Мына ошол парламентттин отурумунан кийин көп өтпөй, Кыргызстанда парламенттик кризис түзүлгөн. Парламенттин жүз кырк төрт депутаты отурумга келбей койгондуктан 1994-жылы 2-сентябрда парламент таратылган. Натыйжада, Кыргызстанда референдум өткөрүлүп, эки палаталуу парламент түзүлгөн да, Башкы прокуратура алтын боюнча козголгон кылмыш ишин жапкан. Алтынды иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын ишине ошол кездеги бийлик тоскоол болгон»,-деди учурунда «Кумтөр» алтын кениндеги абалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, тоо-кен тармагы боюнча адис Шергазы Мамбетов.

Ал эми мурдагы депутат Арсланбек Малиев “Кумтөр” алтын кенин жалпы экономикабызга олуттуу пайдасы тийбей жатканына ошондогу президент Аскар Акаевдин эл алдында кечирилгис күнөөсү бар деп эсептейт.

«Кумтөрдүн кыргыз элинин кызыкчылыгына иштебей калуусуна тунгуч президент Аскар Акаев күнөлүү. Ал эми бүгүнкү бийлик туура жолдо баратат. Кумтөрдү улутташтырууга шашылбаш керек . Анткени кен биздики, эч жака качып кетпейт. Буга чейин бир дагы ажо «Кумтөрдүн» мамлекеттин кызыкчылыгына иштөөсүнө далалат кылган эмес. «Кумтөр Голдго» убактылуу тышкы башкарууну киргизүү сунушун колдойбуз. Экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруш керек. Кимдин тиешеси болсо, жоопкерчилигин кароо зарыл»,-деди Малиев.

Ал эми мурдагы депутат Рамазан Дырылдаев эл аралык соттон утулбаш үчүн батыштын системаларын жакшы билген адистер менен кызматташышыбыз керек деген пикирде.

«Садыр Жапаровдун келиши менен «Кумтөр» маселеси кайрадан жанданды. Эми президент тактикалык жактан жаңылбаса, утуш бизде болот. Себеби, бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзүндө экология чоң маселеге айланды. Анткени, саясат да, экономика да баары экологияга байланыштуу. Ошон үчүн биз эл аралык сотто экологияга басым кылып, Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциянын орун алганын далилдешибиз керек. Айтайын дегеним, коррупция да чоң кылмыштардын катарын толуктайт. Ошондой эле, эл аралык соттон утулбаш үчүн батыштын системаларын жакшы билген адистер менен кызматташышыбыз керек. Анткени, биздин күч органдардын имиджи эл аралык сотторду ынандырууга жетпей калышы мүмкүн»,-дейт Дырылдаев.

Количество просмотров: 327