• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Мамакеев Гиннес рекорддор китебине киргендигин тастыктаган сертификатты колуна алды

3 Бештин айы 2020 9:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине киргенин тастыктаган сертификатты колуна алды. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Андрей Сопуев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннесте анын карьерасы 67 жыл, 181 күн деп белгиленген. Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.

Количество просмотров: 190