• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

“Спутник V” вакцинанын биринчи дозасын дарыгер Мамбет Мамакеев алды

23 Чын куран 202112:00 Бишкек Govori.TV

“Спутник V” россиялык вакцинасынын биринчи дозасын Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, россиялык вакцина менен 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө чечими кабыл алынды. Кошумчалангандай, калган категориядагы жарандар биринчи этапта кытай вакцинасын алууну улантышат.

Количество просмотров: 801