• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мамашова: Экономикалык кылмыш жасагандарга зыянды төлөтүү керек

13 Бирдин айы 2020 14:34 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

«Эгерде экономикалык кылмыш жасаган адам мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, катуу чара көрүп, жазасын дагы алыш керек. Мындан сырткары, келтирген зыянды төлөтүүнү биринчи кезекке коюу зарыл»,-деди Мамашова.

Белгилей кетсек, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрүп, анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин жана экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирген.

Количество просмотров: 427