• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Маматаев: Жапаров «саясий куугунтук болбойт» деген сөзүн унутуп калгандай…

12 Үчтүн айы 2022 18:20 Бишкек Govori.TV


Президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда мындан ары саясий куугунтук болбойт» деген сөзүн унутуп калгандай. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда өткөн тегерек столдо саясатчы Улукбек Маматаев билдирди.

Анын айтымында, эми кандайдыр бир саясий өңүттө куугунтуктар болбошу керек.

«Өкүнүчтүүсү «саясий туткундарды коргоо комитети» ишин баштаганга мажбур болуп жатат. Демек, акыйкатсыздык орун алууда. Кыргызстанда мындан ары саясий куугунтук болбойт деген президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө айткан сөзүн унутуп калгандай. Саясий куугунтукка бүгүнкү сотто күбө болдук. Убагында Жапаров дагы Бактыбек Калмаматовдой болуп отурган. Куугунтукка кабылгандар болбош керек, ар бирибизди алып барып камай берсе кандай болот?»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн «Саясий куугунтукка кабылган саясатчыларга боштондук» деген темада тегерек стол өтүп жатат. Ага Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, жарандык активист Рита Карасартова, юрист Айым Камчыбекова, эксперт Сапарбек Аргымбаевдер катышты.

Количество просмотров: 114