• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Маматалиев: Массалык маалымат каражаттарына басым болбош керек

9 Жалган куран 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Массалык маалымат каражаттарына басым болбош керек деген пикирде.

Анын айтымында, баары мыйзам чегинде болуусу абзел, ал эми ММКларды алып барып камап салуу менен маселе жөндөлбөйт.

«30 жылда көп нерселер менен мактана албасак, бирок бирден-бир мактана турган нерсебиз бул биздин сөз эркиндигибиз. Муну бир гана Борбор Азияда эмес баардык мамлекеттер тааныйыт. Ушул баалуулугубузду кармашыбыз керек. Эч кандай ММКларга басымдуулук болбошу зарыл деп эсептейм. Мыйзамга жараша гана, албетте алардан да кеткен учурлар болуп калуусу мүмкүн, бирок мыйзамга жараша гана чаралар көрүлүшү керек», — деди ал.

Эске салсак, УКМК Next TV телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган.

5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Дүйшембиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыгарылды.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 76